"Тазалык" муниципалдык ишканасы борбор калаадагы таштанды аянтчаларын оңдоп-түзөө иштерин улантууда.

Шаар боюнча 200дөй таштанды аянтчалары, анын ичинде 1015 контейнер оңдоп-түзөөдөн өттү. Контейнерлердин дөңгөлөктөрүн жаңылоо, контейнерлерди түздөө, таштанды аянтчалардын айланасын атайын каражаттар менен жууп-тазалоо, аянтчага чатыр салуу же оңдоо ж.б. иштери бүткөрүлүүдө.

Ар бир райондо жумушчулардын экиден бригадасы иш алып барууда.