Борбор калаада тазалык тартибин орнотуу үчүн “Тазалык” ишканасына ыктыярчылар жардамга келишти.

Ошентип ар бир райондо бирден ыктыярдуу топ иштейт. Ишембилик өткөрүү үчүн аймакты жана шаймандарды “Тазалык” муниципалдык ишканасы бөлүп берет. Ошондой эле активдүү катышуучуларга ар кандай сыйлыктар каралган.

Активисттер ишкананын кызматкерлери тазалоо иштерин жүргүзгөн, бирок  техникалык карталар жок жерлерди иретке келтирүүгө жардам беришет.

Урматтуу шаар тургундары! Активдүү позицияңыз жана шаардык кызматтарга көрсөткөн жардамыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.