Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин катышуусунда Ж. Абдрахманов 119 дарегинде орнотулган мыйзамсыз бастырмаларды жана кеңейтүүлөрдү бузуу иштерин жүргүзүүдө.

Башкармалыктын кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышууда.

Алсак, жалпы аянты 80 чарчы метрди түзгөн  5 бастырма алынууда.

Андан сырткары Тимирязев көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн  Москва көчөсүнө  чейинки бөлүгүндөгү коомдук бакчанын курулушуна тоскоолдук жараткан капиталдык курулуш да буздурулууда. Күркө толугу менен кароосуз калган жана антисанитардык абалда болгон. Жалпы аянты 12х9 чарчы метрди түзөт.

Буга чейин Башкармалык тараптан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөрдү берилген.