Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окуу семинары өтүлдү.
Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча “Иштиктүү кыргыз тили” деген аталыштагы окуу семинарын өткөрдү. Ошондой эле кызматкерлер “Кыргызтест” тестин тапшырууга даярдык көрүү үчүн тесттик тапшырмалар менен даярданышты.
Бул окуу семинары “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 6-июлундагы № 116 “Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруунун алкагында өтүлүүдө.