Социалдык тармактарда "Орто-Сай" соода-базар комплексинин аймагында жайгашкан жабык жана ачык базарда "Карасай Сервис ЛТД" ЖЧК тарабынан ижара акысы үчүн акча чогултулгандыгы тууралуу маалымат пайда болду.
Муниципалдык мүлк боюнча комиссиянын 2016-жылдын 26-июлундагы чечими менен Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгы (азыркы муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департамент) менен "Карасай Сервис ЛТД" ЖЧКнын ортосунда 2017-жылы 11-сентябрда ижара келишими түзүлгөн (аянты 2014 чарчы метр. "Орто-Сай"базарынын аймагында жайгашкан жабык жана ачык күркө).
Андан кийин 2021-жылдын 16-июлунда Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгы менен "Карасай Сервис ЛТД" ЖЧКнын ортосунда жогоруда көрсөтүлгөн ижара келишимине кошумча макулдашуу түзүлгөн (мөөнөтү 2016-жылдын 26-июлунан 2026-жылдын 2-июлуна чейин).
2022-жылы 4-октябрда Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк боюнча комиссиясынын чечими менен "Карасай-Сервис ЛТД" ЖЧК менен ижара келишими жокко чыгарылган. 2023-жылдын 23-декабрында кошумча келишим бузулган.
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна 2023-жылы 16-январда "Карасай Сервис ЛТД" ЖЧК тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк боюнча комиссиясынын 2022-жылдын 4-октябрындагы чечимин жараксыз деп табуу жөнүндө доо арызы берилген. Бүгүнкү күндө сот процесстери жүрүп жатат.
Видеороликтин социалдык тармактарга жарыяланышына байланыштуу департамент укук коргоо органдарына кайрылуу жөнөттү.