Борбор калаада тышкы жарнаманы иретке келтирүү боюнча рейддер уланууда.

Биринчи май районунда жарнамалык конструкцияларды күнү-түнү масштабдуу демонтаждоо иштери жүргүзүлдү.

Акимчиликтин жана МАБдын кызматкерлеринен турган топ  зигзаг ыкмасы боюнча рейд жүргүздү.

Күндүз Ж.Абдрахманов көчөсүн бойлой Киев көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө  чейин, андан ары Бөкөнбаев көчөсүндө Манас проспектисине чейин, Москва көчөсүндө Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейин, Токтогул  көчөсүндө Манас проспектисине чеийн, Киев көчөсүндө Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейин, Чүй проспектиси менен  Манас проспектисине чейин, Жибек-Жолу проспектисин бойлой  Логвиненко көчөсүнө чейин рейд жүргүзүлүп,  350гө жакын жарнама  конструкциялары алынып салынды.

Кечинде  П.Лумумба көчөсүндө Профсоюз көчөсүнөн  Д.Сяопин проспектисине  чейин рейд өткөрүлүп,  221 мыйзамсыз тышкы жарнама алынган.

Буга катар эле Бишкек шаарынын архитектуралык-көркөм жана эстетикалык көрүнүш эрежелерин сактоо боюнча техникалык тейлөө станцияларынын (ТКС) ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул багыттагы иштер улантылууда.