Райондун акимдеринин көчмө жыйындары  уланууда.

Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов «HAVAL» автосалонунун ишмердүүлүгү менен таанышып, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана райондун турмушуна байланышкан ар кандай маселелерди чечүүгө көмөктөшүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, автосалондун өкүлү эски жыгач тирөөч электр мамыларын демонтаждап, куурап калган бак-дарактарды кыркууга көмөк көрсөтүүнү суранып, ошондой эле анын айланасын көрктөндүрүү пландалып жатканын билдирди.

Андан соң аким Калыс-Ордо жаңы конушундагы «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун эсебинен курулуп жаткан социалдык шаарчанын курулушу менен таанышты.

Калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн 15 турак-жай имаратынын (30 үй-бүлөгө), медициналык амбулаториянын (ВАП) курулушу дээрлик аяктап, бир нече объектилердин ички жасалгасы калган.

Ошондой эле мектеп жана бала бакча куруу пландалып, курулуш долбоорлору экспертизадан өтүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы менен «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун ортосунда меморандумга кол коюлган.