14-июндан тарта «Тазалык» муниципалдык ишканасы Октябрь районунда катуу таштандыларды чыгарууну баштады.
Бүгүнкү күндө линияда 138 тазалоочу, 25 жүктөгүч, 9 атайын техника: 1 жүктөгүч, 2 самосвал, 3 ГАЗ 53, 2 кичи МАЗ жана 1 трактор иштеп жатат. Учурда 150 метр куб таштанды чыгарылды.
Эске салсак, мындан тышкары тазалыкчылар контейнерлерди сырдап, таштанды челектерин оңдошту.
Урматтуу шаар тургундары! Таштандыларды урналарга салып, шаардык тейлөө кызматкерлеринин эмгегин сыйлоого чакырабыз.