Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаковдун тапшырмасы менен чыгыш автобекетинин жанындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жер астындагы өтмөктү жакшыртуу иштери жүргүзүлдү.

Алсак, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери брусчаткаларды төшөшсө, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын адистери күндүзгү жарыкты туташтыруу иштерин жүргүзүштү. Жакынкы арада “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери жалпы тазалоо иштерин жүргүзүп, ошондой эле   өтмөктүн тепкичтерин жана дубалдарын жуушат.Чыгыш автобекетинин администрациясы санитардык абалды көзөмөлдөйт.

Урматтуу шаар тургундары! Өтүнүч! Муниципалдык менчикти сындырбаңыздар жана зыян келтирбеңиздер, анткени аларды калыбына келтирүүгө кошумча адам ресурстары жана каражаттар сарпталат.