Салттуу көчмө жыйындын  алкагында Калыс-Ордо конушунун үч объектисинде жеринде жолугушуу  өттү.

Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Абдыллабек уулу Манастын катышуусунда курулуш иштери менен таанышуу сапарын өткөрдү.

Алгач  “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун каржылык колдоосу менен курулуп жаткан социалдык шаарчаны карап чыктык.

Калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн 15 турак-жай имаратынын (30 үй-бүлөгө) курулушу, ФАП (ВАП) курулушу дээрлик  аяктады, бир нече объектилердин ички жасалгасы калды. Учурда мектептин пайдубалынын чуңкуру даярдалып, бала бакчанын имаратынын долбоору экспертизадан өтүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы менен «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун ортосунда меморандум түзүлгөн.

Андан соң жаңы ичүүчү суу скважинасынын бургулоо аянтчасына бардык, Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы  аркылуу иш жүргүзүлүп жатат, подрядчы «ГлавТехИнвест», скважинанын тереңдиги 240 метр, 130 метр диаметри 344 мм болгон түтүктөр буга чейин төшөлгөн, андан тышкары кошумча экинчи скважина болот, анын тереңдиги 240 метрди түзөт.

Акырында биз 7 тайпалык же 140 орундуу бала бакчанын, аянты 1390 м2, аянты 0,68 гектарды түзгөн мектепке чейинки балдар мекемесинин курулушу менен тааныштык. Долбоорго ылайык, имаратта уктоочу бөлмөлөр, оюн бөлмөлөрү, кампа, ашкана,   жуунучу бөлмөлөр, медициналык кабинет, кызматкерлер бөлмөсү, музыкалык жана спорт залы,  техникалык бөлмөлөр каралган.

Тендердин жыйынтыгында борбор калаанын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы   подрядчы «Арай» ишканасын аныктады.

Мекеменин курулушуна жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнгөн.