Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Жибек- Жолу проспекти, 286 дарегинде жайгашкан мончо-ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушун улантууда.
Курулуштун жалпы аянты 2705,41 чарчы метр. Анда жер төлөсү менен эки кабаттуу заманбап имарат курулат. Мончо 240 орунга, эркектер үчүн -120, аялдар үчүн -120 орунга ылайыкталган.
Комплексте ошондой эле унаа токтотуучу жай каралган.
Бүгүнкү күндө темир-бетон каркастарын, эки бассейнди орнотуу иштери аяктады. Учурда жер төлөдө жана биринчи кабатта кыш кыноо иштери жүрүп жатат.
Аталган комплекстин курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга «Лидер Хаус» ЖЧКсы менен келишим түзүлгөн.