Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан Ж.Абдрахманов көчөсүн бойлой мыйзамсыз орнотулган курулуштарды жана кире бериш топторду бузуу, иретке келтирүү иштери уланууда.
Башкармалыктын кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчулары менен биргеликте жеринде иш алып барышууда.
Иштин жүрүшүндө жалпы аянты 21 чарчы метр болгон 4 курулуш, 2 бастырма буздурулду. Ошондой эле, 4 жарнама конструкциясы алынды.
Буга чейин Башкармалык тараптан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген.