Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы менен биргеликте экологиялык абалды жакшыртуу максатында жеке баняларда жана сауналарда синтетикалык жана башка тыюу салынган калдыктарды өрттө фактылары боюнча рейд өткөрдү.
Рейддин жыйынтыгында 28 субъект текшерилип, Павлов көчөсүндөгү №59 үйдө тигүү калдыктарын өрттөгөн 1 факты аныкталган.
Мыйзам бузуучуга карата «Укук бузуулан жөнүндө» Кодекстин 115-беренесинин 3-бөлүгү менен 7500 сомго айып пул салынды.
Ошондой эле, муниципалдык инспекция тарабынан тыюу салынган предметтерди өрттөп жибербөө боюнча эскертүүлөр жана альтернативдик отунга өтүү боюнча сунуштар берилет.
«Укук бузуулан жөнүндө» Кодекстин 115-беренесинин 3-бөлүгүндө:
«Таштандыларды, турмуш-тиричиликтик катуу, өндүрүштүк, өнөр жай калдыктарын жана башка предметтерди, ошондой эле жалбырактарды өрттөө –жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»
Урматтуу шаар тургундары! Мыйзам бузууларга күбө болсоңуз төмөнкү телефон аркылуу кабарлап коюуңуздарды суранабыз: 0 (312) 62-06-18.