Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков аялдамалардын санитардык абалын текшерди.
Жакынкы күндөрү “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери райондун башчысынын тапшырмасынын негизинде борбордук көчөлөрдө жайгашкан аялдамалар менен отургучтарды жогорку басымдагы аппараттар менен нымдуу тазалоо иштерин башташат. Алардын жалпы саны 113.
Жайкысын аптаптуу ысыктан улам чаң көп топтолду, ал эми аялдамаларды нымдуу тазалоо райондун борбордук көчөлөрүн бир аз сергиткенге жардам берет. Ошондой эле, райондун башчысы муниципалдык администрациянын жооптуу адистерине аялдамалардын талаптагыдай иштөө абалын көзөмөлдөөнү тапшырды.
Техникалык тейлөө төмөнкүлөрдү камтыйт: бүт аялдаманы тазалоо, урналарды үзгүлтүксүз тазалоо жана жарнама кагаздарын алып салуу.