«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы Чүй проспектисинде Фучик көчөсүнөн Бейшеналиева көчөсүнө чейинки бөлүгүндө торшерлерди сырдап жатат.
Ошондой эле, ишкананын кызматкерлери 40 торшерди жаңыртты.
Бул багыттагы иштер улантылат.
Урматтуу шаардыктар жана борбор калаанын коноктору, сиздерден муниципалдык менчикке аяр мамиле кылууну, көчөлөрдүн жарык берүүчү мамыларына жарнамаларды чаптабоону жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранабыз!