Манас проспектиси  №49 үйдүн фасадына залкар инсан Түгөлбай Сыдыкбековдун портрети тартылды.

Иштер муниципалдык мүлк, жер пайдалануу жана архитектура маселелери боюнча мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин демилгеси менен демөөрчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле жакын жердеги үйлөрдүн фасады сырдалып жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган аймакта Манас проспектиси боюнча Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан муниципалдык аймакка чыгып кеткен кире бериш топтор демонтаждалган.

Бишкек шаарынын мэриясы ишкерлерге аткарган иштери үчүн чоң ыраазычылык билдирет!