Борбор калаада 2009-2010-жылдары төрөлгөн балдар жана өспүрүмдөр арасында жайкы спартакиада башталды.
Иш-чара Бишкек шаарынын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин бекитилген жобосуна жана календарлык планына ылайык өткөрүлүүдө.
Иш-чаранын негизги максаты жайкы каникулда балдардын жана өспүрүмдөрдүн эс алуусун уюштуруу болуп саналат.
Белгилей кетсек, жайкы спартакиада 2023-жылдын 13-июлунан 25-июлуна чейин борбор калаанын 4 районунун арасында өтүүдө (райондук деңгээл). 2023-жылдын 20-июлунан 25-июлуна чейин финал спорттун 4 түрү боюнча өткөрүлөт: пионербол, балдар үчүн жеңил атлетика, волейбол жана футбол.