Биринчи май райондук администрациясында укук бузуулар боюнча комиссиянын жыйыны өттү.

«Газпром Нефть Азия» ЖЧКсына  көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 114-берене боюнча протокол түзүлдү, бул  жеке жактарга 3000 сом, юридикалык жактарга 13000 сом айып салууга алып келет. Комиссия эскертүү берүү чечимин кабыл алды.

Ушул эле мыйзам бузуу үчүн “Талдык Строй” ЖЧКсына, “Beef Burgers” фастфудуна 13 миң сом айып салынды.

Ошондой эле  434-берене  "Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, жазма буйруктарын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузууу" боюнча стихиялуу соодага карата 32 000 сом өлчөмүндө айып салуу материалы каралды.

Белгилей кетсек, укук бузуулар боюнча комиссия жумасына бир жолу Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана бекитилүүчү комиссиянын жобосунун негизинде өткөрүлөт.

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Санитардык нормаларды  жана көрктөндүрүү эрежелерин сактаңыздар. Болбосо, инспекция менчигинин түрүнө карабастан протоколдорду түзөт.