Октябрь акимиатында МАБ жетекчилерине ротация жүргүзүлдү.
Ротация муниципалдык аймактык башкармалыктардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана МАБ начальниктеринин дараметин туура пайдалануу максатында өткөрүлдү.
№ 7 МАБдын начальнигинин кызматын аркалап келген Чыңгыз Турсалиев ротациялоо тартибинде № 10 МАБдын бош орун кызматына дайындалды.
№ 6 МАБдын начальнигинин кызматын аркалап келген Руслан Жапаркулов № 8 МАБдын начальник кызматына ротацияланды.
№ 8 МАБдын начальнигинин кызматын аркалап келген Жолдошбек Абдыкалыков № 7 МАБдын начальниги болуп дайындалды.
№ 6 МАБдын начальнигинин орун басары кызматын аркалап келген Руслан Артыков № 6 МАБдын начальниги кызматына дайындалды.
Октябрь администрациясынын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн башкы адиси кызматын аркалап келген Самат Сатыгулов № 6 МАБдын начальнигинин орун басарлыгына дайындалды.