Баш байгеге – «Кыргызское взморье» жайкы курортуна жолдомо алган 430 бала Ысык-Көлдүн жээгинде эс алды.

Эске салсак, 100 баладан турган биринчи партия 16-июнда эс алууга чыккан. Бишкек шаарынын «Мектеп лигасынын» шаардык финалынын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин жайкы эс алууга Ысык-Көлгө жөнөтүү аземи Бишкек шаарынын мэринин орун басары  Виктория Мозгачеванын катышуусунда өткөн.

Белгилей кетсек, шаардык «Мектеп лигасы» программасынын алкагында жыл сайын спорттун 11 түрү боюнча мелдештердин райондук жана шаардык этаптары өткөрүлөт.

«Мектеп лигасы» спорттук программасынын негизги максаты Бишкек шаарында жаштардын спортун мындан ары өнүктүрүү, жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларын системалуу спорттук иш-чараларга тартуу, аларды адистештирилген спорттук мектептерде андан ары даярдоо үчүн келечектүү спортчуларды аныктоо жана жалпы билим берүүчү мектептер менен гимназиялардын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоо болуп саналат.

Программанын алкагында 2022-жылдын 6-октябрынан 25-декабрына чейин мектептердин спорт аянтчаларында балдар жана кыздар арасында мелдештин райондук этаптары өткөрүлдү.

Сынактын жыйынтыгында жеңүүчү жана байге ээлери Бишкек шаарында өтүүчү «Мектеп лигасынын» экинчи этабына катышуу укугуна ээ болуп, өз районунун жана жалпы мектептин атынан катышууга укук алышты.

16-февралдан 13-майга чейин Бишкек шаарынын спорттук жайларында жалпысынан 1984 катышуучуну камтыган спорттун 11 түрү боюнча Бишкек шаарынын мектеп лигасынын экинчи финалдык этабы өттү.