Бишкек шаарында ирригациялык түтүктөрдү орнотуу иштери уланууда. «Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасы Садырбаев көчөсүнө Кара-Коо көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин сугат түтүктөрүн орнотуу иштерин баштады.
Бул лотоктор секундуна 40—50 литрге чейин суу өткөрүүгө жөндөмдүү.
Урматтуу шаар тургундары! Магистралдык каналдарды, дренаждык жана ирригациялык тармактарды таштандыга толтурбоону жана шаардык чарба кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону өтүнөбүз.