Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин катышуусунда Чүй проспектиси менен Фучик көчөнүн кесилишиндеги мыйзамсыз орнотулган курулуштарды жана бастырмаларды буздурууда.

Жеринде Башкармалыктын, Ленин районунун акимиатынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери иш алып барышууда.

Иштин жүрүшүндө  10 кире бериш топ, бастырмалар жана курулуштар алынууда. Ошондой эле, 100 жарнама конструкциялары демонтаждалды.

Буга чейин Башкармалык тараптан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөр  берилген.