Борбор калаанын райондук  билим берүү борборлорунда билим берүү уюмдарынын камкордук кеңештеринин курамын түзүү боюнча жыйындар өттү.

Бишкек шаарынын төрт районунда жыйындар өтүп, анда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 26-майындагы №136 «Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын,  ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-майындагы 2022-жылдын 23-августундагы № 468 «Социалдык тармактагы камкорчулар кеңеши жөнүндө» токтомун ишке ашыруу зарылчылыгы белгиленди.

Эске сала кетсек, бүгүнкү күндө камкорчулар кеңеши тууралуу маалыматтар көптөгөн жыйындарда айтылып, камкорчулар кеңештерин түзүү иштери жүрүп жатат. Окуу жылынын башында эле мектептерде кеңештерди түзүү пландалууда.

Кеңештин максаты көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга, гуманитардык жардамдарды жана бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга жана бөлүштүрүүгө көмөктөшүү, социалдык мекемелердин ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоо болуп саналат.

Ошондой эле, мектеп директорлоруна мектептин жанаша жайгашкан аймагынын санитардык абалын такай көзөмөлгө алып, зарыл болгон учурда санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча тиешелүү иштерди уюштуруу тапшырылды.