Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев Ажыбек Баатыр көчөсүндөгү сейил бакты көрктөндүрүүнүн жүрүшү менен таанышты.
2023-жылга курулуш объектилеринин титулдук тизмесине ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан курулуш иштери жүргүзүлүүдө.
Маалым болгондой, бүгүнкү күндө троллейбустардын акыркы линиясынын бурулушуна таман таштарды (брусчатка) төшөө иштери аяктап, тепкичтерди орнотуу боюнча бетон иштери жүргүзүлүүдө. Сугат лотокторунун көпчүлүгү орнотулду.
Мындан тышкары, тротуардын таман таштарын төшөө үчүн жерди даярдоо, электр жарыгы үчүн кабелдерди тартуу иштери аяктады.
Белгилей кетсек, бул долбоор "Бишкекбашкыархитектура" МИнин адистери тарабынан иштелип чыккан.