Учурда жашыл аянттарды сугаруу күнү-түнү уланып,  атайын техникалар менен катар  арыктар аркылуу сугаруу иштери да жүргүзүлүүдө.

Алсак, Жогорку Транзит каналдарынан 260 л/с, Төмөнкү транзит 600 л/с, Асанбай жана Чыгыш БЧК каналдарынан 850 л/с сугат суу берилет, ал төмөнкү көчөлөргө бөлүштүрүлөт: Абдрахманов, Тыныстанов көчөлөрү, Тынчтык жана Ч.Айтматов проспектилери, Ч.Валиханов, Гоголь, Ибраимов, Шабдан-Баатыр, Жибек-Жолу, Фрунзе, Логвиненко, Айтиев көчөлөрү.

Төмөнкү сейил бактар жана скверлер кошумча сугарылууда: Тоголок Молдо атындагы сейил багы, Жеңиш сейил багы, Каражыгач багы, Эркиндик бульвары жана башкалар.

Атайын техниканын жардамы менен сугаруу иштери Ибраимов, Токомбаев көчөлөрүндө, Кара-Жыгач конушунда, Жеңиш аянтында, Чүй, Ч.Айтматов проспектилеринде  жана башка көчөлөрдө жүргүзүлүүдө.

Урматтуу шаар тургундары, “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы сиздерден борбор калаанын жашыл чарбасына жана мүлкүнө кам көрүүңүздөрдү чын жүрөктөн суранат!