“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы күндүзгү убакта ичүүчү суу менен жашыл бак-дарактарды сугарууну аныктоо  боюнча рейддик иш-чараларды улантууда.

Ушул жылдын май айынын башынан 14-июлуна чейин 174 997 абонент текшерилген. Анын ичинен 172 494 үй ээликтери, 1503 башка керектөөчүлөр.
Жыйынтыгында 760 бузуу аныкталды:
Шаар боюнча  - 178 үй;
Конуштарында - 447 үй;
Уюмдар - 135.

Арча-Бешик  конушунда 2023-жылдын 11-июлунан 13-июлуна чейинки аралыкта рейд жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 50 үйдө бузуулар катталган. Бул үйлөрдүн ээлерине бузууларды жоюу боюнча эскертүүлөр берилип, ошондой эле ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдалануу боюнча 1381 турак үй ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бул чаралар суу ресурстарын пайдалануу эрежелерин сактоо жана бул  конушта аларды натыйжалуу пайдалануу үчүн көрүлгөн.

“Бишкек шаарынын суу түтүктөрүн жана канализациясын пайдалануу эрежелеринин” 11.14 пунктуна ылайык бузуулар аныкталган учурда “Бишкексууканал” ӨЭБсы  абоненттин ичүүчү суусун (эсепке алуу приборлору жок болгон учурда) сууну керектөөчү приборго алып баруучу түтүктүн кесилиши жана өзүн-өзү каржылаган керектөөчүлөрдүн тарифи боюнча бир ай ичиндеги сутка бою суунун кыймылынын ылдамдыгы (1 м/сек.) боюнча эсептейт.