«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы капиталдык оңдоодон тышкары жолдогу чуңкурларды  жамап жатат.

Бригада Ленин районундагы “Киргизия-1” конушунун Улан көчөсүн бойлой Абдрахманов көчөсүнөн Адигине көчөсүнө чейин жана Асан көчөсү менен Кожомкулов көчөсүнөн Курултай көчөсүнө чейин иш жүргүздү.

Ошондой эле, Таалай көчөсүндө Абдрахманов көчөсүнөн Кожомкулов көчөсүнө чейин иштер башталат.

Буга чейин бригада 12, 10, 8, 4-кичи райондордо, 4-шаардык оорукананын аймагында,  «Ынтымак-1» жана «Адинай» сейил бактарында иштерди жүргүзгөн.