Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков фасаддардын, кире бериш топтордун жана чектеш аймактардын туура эмес абалын аныктоо максатында жана тротуарларды куруу боюнча райондун аймагында көчмө жыйындарын өткөрүүнү  улантууда.

Бүгүнкү күндө Чүй проспектисин бойлой Осмонкул көчөсүнөн Гоголь көчөсүнө чейин (түштүк тарабы) тротуарларды капиталдык куруу иштери жүргүзүлдү.

Свердлов районунун акимиаты Бишкек шаарынын жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы менен биргеликте чарба жүргүзүүчү субъектилердин менчик ээлери менен тротуарды оңдоого тоскоол болгон кире бериш топторду демонтаждоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жыйынтыгында Чүй проспектиси 48 жана 50 даректериндеги  11 кире турган топ демонтаждалган.

Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Т.Айтматов көчөсүнө чейин (түндүк тарабы) жана Абдрахманов көчөсү Жумабек көчөсү менен Түгөлбай-Ата көчөсүнө  чейин (чыгыш тарабы) тротуарларды капиталдык оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат.

Учурда Жумабек көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин асфальт төшөлдү, «Хаятт» мейманканасынын жана «Метрополь» дүкөнүнүн тосмосу жана пайдубалы буздурулду.

Жөө кыдыруунун жүрүшүндө райондун башчысы жумушту аткарган подряддык мекемеге эскертүү берип, Абдрахманов көчөсүндө  Жумабек көчөсүнөн Түгөлбай-Атага чейин (чыгыш тарабы) тротуар куруудагы кемчиликтерди жоюуну тапшырды.