"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Элебесов көчөсүн бойлой асфальт-бетон заводунан "Келечек"конушундагы чоң жолго чейин (объездная дорога) капиталдык оңдоону баштады.

Бул көчөнүн узундугу 1300 погон метр, ал эми жолдун туурасы 6 метр. Тротуар жана ирригациялык тармагы  орнотулат.

Бүгүнкү күндө эски асфальтты сыйруу жана жер кыртышын даярдоо  иштери башталды.

12 даана электр тармактарынын жана телефон мамыларынын тирөөчтөрүн демонтаждоо, 7 кудукту  алуу, жолдо жана тротуарда тосмо таштарды, арык лотокторду жана түтүктөрдү орнотуу пландаштырылууда.