10-15-июль күндөрү Ысык-Көлдө 2007-2014-жылы туулган балдар жана өспүрүмдөр курама командалары арасында футбол боюнча «Алга-Фрунзе» футбол клубунун ардагерлерине арналган эл аралык турнир өттү.
Турнир КФСтин, Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти жана “Алга-Бишкек” футболдук клубунун колдоосу менен өткөрүлдү.
Турнирге Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан 36 команда катышты.
Эл аралык турнирдин катышуучуларын сыйлоо аземи Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору Шамканов Жоомарт Жылкычыевичтин катышуусунда өттү.