2023-жылдын 25-июль саат 08.00дөн  26-июль саат 09:00го чейин  төмөнкү даректердеги турак-жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине жана өнөр жайга ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы: Ахунбаев, 7-апрель, Горький, Белорусская - Шүкүров көчөлөрү.

7-апрель, Анкара, Октябрь көчөлөрү, ЧЧК.

Шоокум, Коңорчок, Көк-Жар, 7-апрель көчөлөрү.

Ичүүчү суу  11-кичирайондун Д-500мм суу өткөргүчүндөгү профилактикалык  оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт. Буга байланыштуу “Көк-Жар”, “Улан-1”, “Улан-2” кичи райондорунда муздак суу убактылуу токтотулат.

«Бишкексууканал» башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.