«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаарыбыздын тазалыгын сактоону улантып, шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин күчөтүүдө.

Эстеликтердин  көрүнүшүн мүмкүн болушунча узакка сактоо үчүн аларга туура жана үзгүлтүксүз кам көрүү керек.

Биринчи май районунун акимиатынын тапшырмасы менен муниципалдык ишкананын кызматкерлери  Тоголок Молдо атындагы сквердеги эл акыны Тоголок Молдонун,  акын, комузчу Арстанбек Буйлаш уулунун,   эл акыны Осмонкул Бөлөбалаевдин эстеликтерин жууп, сүртүштү.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди шаарыбызда тазалыкты сактоого жана муниципалдык кызматтын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоого чакырат.