Быйыл Свердлов районунда 23 көчөнү грейдерлөө иштери жүргүзүлөт.
«Учкун» конушунда «Бишкекафсалтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери автогрейдер менен Ж.Огонбаев жана Миң-Булак көчөлөрүн тегиздөө иштерин жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын июнь айында шаардык бюджеттин эсебинен муниципалдык жолдорду сапаттуу тейлөө үчүн XCMG GR 165 автогрейдери сатып алынган.
Грейдер - бул кыртышты тегиздөө жана жолдун үстүн тазалоо боюнча иштердин натыйжалуулугун жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү заманбап атайын техника.