Свердлов акимиаты Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы менен биргеликте чарба жүргүзүүчү субъекттердин менчик ээлерине тротуарды оңдоого тоскоол болгон кире бериш топторду демонтаждоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүдө.
Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, уруксат берилбеген объектилердин ээлери тарабынан ыктыярдуу түрдө демонтаждалууда.
Натыйжада Абдрахманов көчөсүн бойлой Чүй проспектисинен Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнө чейин 10 кире бериш тобу жана 58 жарнама конструкциясы алынды.
Бул багытта иштер улантылууда.