Гидронасостук станцияны оңдоого «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасына демөөрчүлүк жардам көрсөтүлдү.

Жаштык  паркында демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен насостук станция оңдолуп бүттү. Парктын кызматкерлерине жеке компания каржылык колдоо көрсөттү.

Эми жашыл аянттарды сугаруу үчүн Чоң Чүй каналынан сууну сордурууга болот.

Буга чейин парктын аймагы атайын техниканын жардамы менен сугарылып келген.