Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 «Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2022-жылдын 18-октябрындагы №567 токтомунун негизинде райондук администрацияларында жер мунапысына туш болгон объекттер боюнча комиссия ишин уланууда.
Биринчи май райондук комиссиясында 60 маселе каралган, алардын ичинен 14 материал боюнча оң чечим кабыл алынган, 6 маселе тиешелүү кызматтарга кошумча изилдөө үчүн калтырылган жана 40 материал шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн "Бишкекбашкыархитектура" башкармалыгына жөнөтүлгөн.
Свердлов районунда 82 маселе каралып, алардын ичинен 48 материалга оң чечим кабыл алынган, 4 материал толуктап иштеп чыгуу үчүн тийиштүү кызматтарга кошумча изилдөө үчүн жиберилген, 30 материал шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн "Бишкекбашкыархитектура" башкармалыгына жөнөтүлгөн.
Урматтуу шаардыктар! Документтерди кабыл алуу күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин Тунгуч кичирайону,57 (Жеке турак жай жана шаар куруу департаменти) дарегинде кабыл алынат.
Байланыш телефондору: 0312 979297, 0312 97 94 54.