Жаш Гвардия бульвары менен Чокморов көчөсүнүн кесилишинде жол белгиси орнотулган түркүккө өзүм билемдик менен жарнама  конструкциясы илинген.

Бул окуя боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Call-борборуна кайрымдуу тургундар кайрылуу жолдошту. Окуя болгон жерге бригада  барып, тиркелген көрнөк-жарнактарды кесип салышты.

1.22 «Жөө адамдар өтүүчү жол» белгисине эки жарнама илинген.

Урматтуу шаар тургундары! Эгерде муниципалдык менчикке зыян келтирилгендигине күбө болгон болсоңуз, Бишкек шаарынын Call-борборуна 1840, 1850 кыска номуру же «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын 0755419841 WhatsApp номуру аркылуу кайрылыңыз.