Инновациялык борбордо    Бактыгүл Чыныбаеванын “Аутизм менен жашоо” жана Зейнеп Ибрагим кызынын “Өзгөчө бөбөгүм” аттуу китептеринин бет ачары өттү.

Иш-чарага ЖКнын Социалдык комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева,  ЖК депутаты Дастан Бекешев, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты  министринин орун басары  Айнура Аскарова,  коомдук ишмер Эмил Үмөт,   Кыргыз Эл акыны Меңди Мамазаирова, журналисттер, автордун жакындары катышты.

Китеп аутизм жөнүндө материалдардын жыйнагы болуп саналат. Аутизми бар балдарга  кандай мамиле кылуу керек, эмне кылуу  жана эмне кылбоо керек. Мындай балдар менен баарлашууну үйрөнүү үчүн ар бир адам эмнени билиши керектиги жазылган.

Мэрдин орун басары  Виктория Мозгачева коомдо өзгөчө балдарга  туура мамиле кылуу боюнча түшүнүк жок экенин жана мындай китептин маанилүүлүгүн белгиледи.