2023-жылдын 25-июлунан 5-августуна чейин өндүрүштүк муктаждыктарга байланыштуу «Электр станциялары» ААК филиалы – «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы Гоголь көчөсүндө  Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин жер иштерин жүргүзөт.

Буга байланыштуу төмөнкү коомдук транспорттордун кыймыл схемалары убактылуу өзгөртүлдү:

- №35 автобустук каттам Москва көчөсү менен Сүйүмбаев көчөсүнө чейин,  Сүйүмбаев көчөсү менен Чүй проспектисине чейин жана андан ары кыймылдын схемасы боюнча жүрөт.

- №48 автобустук каттам Гоголь көчөсү, Токтогул көчөсү, Ибраимов көчөсү, Москва көчөсү менен каттап, андан ары кыймылдын схемасы боюнча жүрөт.

- №131 кичи автобустук каттам Гоголь көчөсү, Токтогул көчөсү, Ибраимов көчөсү, Москва көчөсү менен каттап, андан ары жол кыймылынын схемасы боюнча каттайт.

- №121 кичи автобустук каттам Гоголь көчөсү, Токтогул көчөсү, Ибраимов көчөсү, Москва көчөсү менен каттап, андан ары жол кыймылынын схемасы боюнча жүрөт.