«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тротуарды асфальттоого киришти.
Узундугу 1 458 погон метрди түзгөн көчөнүн Түштүк магистралдан №6 үйгө чейинки бөлүгүндө жумуштар бүткөрүлдү.
Ал эми түштүк тарабында эски асфальты сыйруу, негизин даярдоо, бордюр жана ирригация системасын орнотуу, асфальтка даярдоо иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле, тиешелүү документтер бүткөрүлгөндөн кийин №6 үйдөн Каралаев көчөсүнө чейин иштер улантылат.