Текшерүү ишканалардын жана жеке адамдардын санитардык нормаларды сактоосуна көзөмөлдү күчөтөт.

Бузуулар аныкталган учурда инспекция  тарабынан   протоколдор түзүлөт, мындан тышкары бардык чарбалык субъекттерге көрктөндүрүү эрежелерин милдеттүү түрдө сактоо жөнүндө эскертүү иретинде  билдирүүлөр берилет.

Алсак, чектеш аймакта тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин  114-беренесине ылайык,  «Рос Ломбард», «Бир Топ», «Делмар Групп», «Умай Групп», «Оргтехстрой» , Алтымышев көчөсү    № 69  үйдүн тургуну Алымбек у.Э., №5 кичирайону №43 үйдүн жанындагы соода күркөсүнүн эки кожоюну жоопкерчилик тартат.

«Барсхан» кафеси менен «Нурэмин» чач тарачына таштандыларды белгиленбеген жерлерге ыргыткандыгы үчүн 115-берененин негизинде 5500 сомдон 23000 сомго чейин айып салынган.

Ошондой эле, Рахманалиев  Д.М., Аматбеков  Э.О өз алдынча казуу иштерин жүргүзгөндүгү үчүн 179-берене боюнча 5500 сомдон 17000 сомго чейин айып салынган.

Муниципалдык инспекция  эгерде көрктөндүрүү эрежелеринин бузулушу аныкталса, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактарга жеринде протоколдор түзүлөрүн эскертет.