М.Алыбаев көчөсүн бойлой эки тарабына тротуар салынып, ирригациялык системасы орнотулуп, капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Кривоносов көчөсүнөн Осмонов көчөсүнө чейин иштер пландалууда. Бүгүнкү күндө Крылов көчөсүнөн Осмонов көчөсүнө чейинки тротуарларга ысык асфальт төшөө иштери пландалууда.

Ирригациялык системасын орнотуу иштери аяктап, жол бордюрларын орнотуу иштери жүрүп жатат.

10 күндүн ичинде жолго асфальт төшөлөт.

Бул тилкеде иштер аяктагандан кийин бригада Крылов көчөсүнөн  Кривоносов көчөсүнө  чейин ишке киришет.