«Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасы ачык коллектордук-дренаждык түйүндөрдү кол менен жана механикалык түрдө тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Бүгүнкү күндө ишкананын кызматкерлери Биринчи май жана Свердлов райондорунда ачык коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо иштерин төмөнкү көчөлөрдө жүргүзүшүүдө:

БЧЧКнын түштүк тарабынан Т.Молдо көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин;

БЧЧК түштүк тарабы Осмонкул көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин;

Саадаев көчөсүнөн  Полярный көчөсүнүн кесилишине чейин;

Можайский көчөсүнөн Кызыл-Кыйя көчөсүнүн кесилишине чейин;

Достоевский көчөсү Чүй көчөсүнүн кесилишинен темир жолго чейин;

Бакай-Ата конушу.

Белгидей кетсек ишкананын кызматкерлери коллектордук-дренаждык тармактардын 24,92чакырымын тазалашты.

Урматтуу шаардыктар!  Коллектордук-дренаждык тармактарга таштанды таштабоону, шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранабыз.