Райондордо мыйзамсыз сооданы алдын алуу максатында күн сайын рейддер өткөрүлүүдө.
Биринчи май акимиатынын экономика жана каржы бөлүмүнүн адистери РИИБ жана МАБ менен биргеликте борбордук «Ала-Тоо» аянтында жана И.Панфилов атындагы сейил багынын жанында рейд жүргүзүштү.
Балдардын электроунааларын, балдар оюнчуктарын, муздак суусундуктардын ижарачылары, балмуздак саткандар мыйзам бузуучу болуп, натыйжада 43 миң сомго 12 протокол түзүлдү.
Урматтуу ишкерлер! Соода жана тейлөө эрежелерин сактоону суранабыз.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Көчө товарларын, азык-түлүктөрдү жерден сатып албоону суранабыз, бул өзгөчө жай мезгилинде ден соолук үчүн кооптуу.