2023-жылдын 21-июлунда «Алтын дөңгөлөк» спорттук-ден соолукту чыңдоо клубунда Свердлов районунун балдары үчүн «Нептун күнү» аттуу суу майрамы өттү.

Кичинекей бишкектиктер үчүн аркан тартыш мелдештери уюштурулуп, балдардын сүйүктүү жомокторунун каармандары жакшы маанай тартуулашты.

Майрам бою балдар жомок каармандары менен бийлешип, кызыктуу оюндарды ойношту, эстафеталык жарыштын ар кандай түрлөрү боюнча жарышты.

Иш-чаранын негизги максаты жайкы каникулда балдардын жана өспүрүмдөрдүн эс алуусун уюштуруу болуп саналат.

Майрамдын кульминациясы салт боюнча бири-бирине суу чачуу болду.  Иш-чаранын бардык катышуучуларына белектер тапшырылды.

Иш-чараны  Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти жана «Алтын дөңгөлөк» спорттук-эс алуу велоклубу уюштурду.