Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттиги    Өнүктүрүү саясат институту коомдук бирикмеси  “Ачык жергиликтүү өз алдынча башкаруу” (OGP Local), https://www.opengovpartnership.org/ogp-local/) демилгесинин алкагында сиздерди кызматташууга чакырат.

“Ачык жергиликтүү өз алдынча башкаруу” демилгелери – бул эл аралык платформа, мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ) жарандар менен биргеликте ЖӨБ органдарынын ачыктыгы, айкындыгы жана отчеттуулугу боюнча идеяларды, инструменттерди жана механизмдерди ишке ашырып, тажрыйба алмашат. Бишкек шаары бул демилгеге кошулуп, жарандык коом уюмдары менен биргеликте “Ачык Бишкек” иш-чаралар планын иштеп чыгууну жана аны ишке ашырууну пландаштырууда.

“Ачык Бишкек” комитети - жумушчу органы Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун кызыкчылыктарын паритеттик негизде коргоп жана анын түзүмүнө 2 тараптардын ар биринен үчтөн өкүл (Бишкек шаарынын мэриясынын 3 өкүлү жана жарандык коомдун 3 өкүлү) кирет.

“Ачык Бишкек” комитетин түзүүгө жана анын ишмердүүлүгүнө катышуу үчүн, Кыргызстандын борборунун ачыктыгына, айкындуулугуна жана отчеттуулугуна жетишүү боюнча биргелешкен планды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн кызыкдар тараптар:
1) https://drive.google.com/drive/folders/1Fmkj9m28bLYONl002o-X7MTPMSq87RUP?usp=sharing шилтемеси боюнча “Ачык Бишкек” демилгесине кошулуу Декларациясынын тексти менен таанышыңыз;
2) Эгерде Сиз Демилгеге кошулууга даяр болсоңуз жана Декларациянын тексти менен макул болсоңуз, анда 2023-жылдын 26-июлунан 4-августуна чейинки мезгилде Декларацияда көрсөтүлгөн шилтеме боюнча онлайн каттоодон өтүңүз.
Катталгандар 8-августта Бишкек ш., Абдрахманова көч. 97-номурунда жайгашкан Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын жыйындар залында (биринчи кабат) өтө турган уюштуруу жолугушууга чакырылат.

Чакыруу каттоо формасында көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине жөнөтүлөт. Кошумча маалымат алуу үчүн Азамат Мамытовго 0770 77 11 14 телефону же AMamytov@dpi.kg электрондук почтасы аркылуу кайрылыңыз болот.