"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы борбор калаанын көчөлөрүн жаркыратып, жарыктандырууну улантууда.
Алсак, ишкананын бригадасы А. Каниметова атындагы №1 гимназия-интернат-мектептин айланасында жарыктандыруу иштерин жүргүздү.
Алар 100, 150Вт кубаттуулуктагы 13 светодиоддук чырактарды орнотушту, ошондой эле 400 метр кабель жана 3 кронштейн өткөрүштү.
Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздин көчөңүздө капысынан караңгы болуп калса, сиз үчүн дайыма ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, шт: 0777 902-115.