2023-жылдын 25-июлунан тарта Элебесов көчөсү, «Алкан» базарына (Дордой) баруучу жол асфальт-бетон заводунан айланма жолго чейин капиталдык оңдоо иштери үчүн жабылды.

Буга чейин эски асфальтты алуу  иштери айланма  жол тараптан башталса, эми унаалардын көп агымына карабай жолдун бул бөлүгүн жабууга убакыт келди.

Аталган көчөнүн узундугу 1300 погон метрди, жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 6 метрди түзөт. Тротуар жана ирригациялык система менен  жабдылат.

Белгилей кетсек, буга чейин жолдун бул бөлүгүн оңдоо боюнча  көптөгөн кайрылуулар түшкөн.

Урматтуу айдоочулар жана ишкерлер! «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы унаа тыгындарын болтурбоо үчүн «Дордой» базарына жана «Келечек», «Ак-Бата» конуштарына башка жол менен каттоону өтүнөт.