Инвентаризациялоонун максаты - жашылдандыруу программаларын иштеп чыгуу, жашыл мейкиндиктерди калыбына келтирүү, абалына мониторинг жүргүзүү жана зарыл болгон учурда профилактикалык чараларды көрүү,

бухгалтердик эсептин маалыматтарын пайдалануу үчүн ишкананын иш процесстерин автоматташтыруучу программалык каражаттардын комплексин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.

Азыркы учурда Ю. Фучик атындагы паркта, Д.Асанов атындагы Жеңиш паркында,  Кайың жана жаңгак бактарында,  ошондой эле  Каражыгач токтоюнда жана Жаштар паркында  инвентаризциялоо иштери аяктады.

Эми жашыл мейкиндиктерде кандайдыр бир “медициналык карточкалар” болот.  Аларда ар бир райондун бригардалары жана агрономдору айрым бак дарактардын саны, геолокациясы, түрү,  сугаты боюнча маалыматтары киргизип турушат. Программанын алкагында  «Бишкек жашыл чарба» МИнин кызматкерлери бак-дарактарды  өстүрүү  жана дарылоо үчүн зарыл болгон каражаттардын көлөмүн алдын ала эсептей алышат.

3 жумада инвентаризацияланган жашыл мейкиндиктердин жалпы саны 3000 даана болду.