Октябрь районунун аймагында Орто-Сай базарынын жана Юнусалиев көчөсүнүн айланасындагы башаламан  соода иретке келтирилүүдө.

Борбор калаанын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу  үчүн Октябрь администрациясынын кызматкерлери уруксатсыз соода жайларын аныктоо боюнча рейддерди өткөрүүдө.

Орто-Сай базары жана Юнусалиев көчөсү, мурдагы К.Маркс көчөсү текшерүүгө алынган, бул жерде администрациянын тынымсыз билдирүүлөрүнө карабастан, уруксатсыз соода түйүндөр кайра-кайра пайда болууда.

Мыйзамсыз ишкерлерге карата Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293-беренесине ылайык, административдик протоколдор түзүлүп, эки категориядагы: жеке жактарга 3000 сом, юридикалык жактарга 13000 сом айып салынды.

«Мыйзамсыздыктын» ээлери менен КР мыйзамдарын бузуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Рейддин жыйынтыгында 20дан ашык багаламан соода түйүндөрү жоюлуп, протоколдор түзүлүп, жалпы суммасы 18 миң сомго айып пул салынды, 3 муздаткыч (балмуздак), 12 отургуч, текче, стеллаждар  алынды.

Бул багытта иштер улантылууда.